Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Charge fast” пирамидасына байланышкан окуя. Уюштурууга шектүү жаран эки айга камалды

Милиция 43 жаштагы шектүүнү 7-мартта кармаган

“Charge fast” пирамидасын уюштурууга шектүү жаран эки айга тергөө абагына камалды. Мындай чечим бүгүн, 9-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылды.
Милиция 43 жаштагы шектүүнү 7-мартта кармаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшкөн.

Ички иштер министрлиги анын дагы башка кылмыштарга катышы бар-жогу аныкталып жатканын билдирген. Аталган финансы пирамидасынын уюштуруучусу деген шек менен буга чейин да бир нече киши кармалган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх