Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто коркутуп опузалоо менен алектенген топ кармалды

Алар жарандан 100 миң сом талап кылышкан

Ошто физикалык зомбулук менен коркутуп опузалоо менен алектенген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, ушул жылдын март айынын башында белгисиз адамдар Кара-Суу районунун жашоочусуна телефон чалып, жубайы менен кат жазышкан деген жалган шылтоо менен (чындыгында эч бир жубай эмес) физикалык зомбулук менен коркутуп, 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кыла башташкан.

Коркутуулар адам чыдагыс болуп калганда жаран милицияга кайрылган.
Топтолгон материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен "опузалап талап кылуу" кылмыш иши козголду.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББнын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.

Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө опузалоочулар азырынча талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгону аныкталды.
Акча которуу Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп, талап кылынган сумманын бөлүгүн алган учурда опузалап талап кылууга шектелген адамдардын тобу кармалган: 1999-жылы туулган М.Р., 1998-жылы туулган Ж.А., 1997-жылы туулган А.А. жана 1996-жылы туулган Ж.Ш.. Шектүүлөрдүн баары Ноокат районунун тургундары.
Кармалган 1999-жылы туулган М.Р. буга чейин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган, андан тышкары, башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Учурда жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх