Бишкекте катар-катар үй уурулары кармалды
Алардын 7 уурулукка катыштыгы бар экени аныкталды
Бишкекте бир нече үй ууручулук фактысына шектелгендер кармалды.
Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин милицияга борбор калаанын жараны кайрылып, 20-февраль күнү кечинде белгисиз адамдар Бурдинская көчөсүндөгү жеке үйүнүн терезесинин талкалап киришип, 2 миң долларын жана баалуу зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 650 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөчүлөр уурулукка катышкандар «Лада» үлгүсүндөгү унааны айдап жүргөнүн аныкташкан. Алар шектүүлөрдүн артынан түшүп, Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кармашкан.
Ушул сыяктуу көп кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон А.Р жана С.Б. жарандары милиция бөлүмүнө жеткирилген. Соттун чечими менен кармалгандар 2 айга СИЗО-1 ге камалды.
Тинтүү учурунда кармалгандардын биринин үйүнөн мурда уурдалган буюмдар табылган.
Алардын ушул сыяктуу 7 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Милиция башка жабырлануучуларды 0550-102-360 же 102 телефон номурларына чалып коюуну өтүнөт.
Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы