Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фейсбукка жазганы үчүн Кант шаарынын тургуну кармалды

Ал экстремисттик материалдарды тараткан

Панфилов районунда «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, ыкчам кызматкерлер социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү аудио, видеоматериалдар жана атрибуттар тараган Facebook баракчасын аныкташкан.

Экспертиза тараткан материалдарга тыюу салынганын аныктады.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Чүй облусунун ИИБнын ЖККККБнын жана Панфилов РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Кант шаарынын тургуну Р.А.нын өздүгүн аныкталып, тергөө кызматына алып келишкен. Ал РЭОнун материалдарын таратканын мойнуна алды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөттү Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх