Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир айдын ичинде Бишкекте чөнтөк уурулук боюнча адистешкен 5 топ кармалды

Милиция жабырлануучуларды издеп жатат

22-январдан 22-февралга чейин Бишкек шаарында «Чөнтөк уурулукка жол жок!» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чараларга 400дөн ашык милиция кызматкерлери тартылган. Жыйынтыгында чөнтөк уурулук боюнча 40тан ашуун кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүүлөр, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Мындан тышкары, чөнтөк уурулук боюнча адистешкен 5 кылмыштуу топ жок кылынды.

Кылмышка шектүүлөрдөн уурдалган ар кандай маркадагы уюлдук телефондор, кол жүгү жана накталай акчалар табылып, алынган.

 

 

Милиция жабыркаган жарандарды 0(554) 11-03-14, 0(706) 102-102, 0(707) 75-75-51, 0(703) 35-15-65 же 102телефондоруна кабарлоону суранат.

Сүрөттү Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх