Ош шаарында 2 кг гашиш менен баңгизат сатуучу кармалды
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Ош облусунда 2 килограмм гашиш менен жаран кармалды.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, буга чейин милицияга Д. аттуу жаран баңгизат ташып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282 («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү 19-март күнү кармалып, ал Ысык-Көл облусунун 1994-жылы туулган Н.Д. болуп чыкты. Тинтүү учурунда анын жанынан 2 кг гашиш табылган.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз