Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматкери текшерүү жүргүзөбүз деп коркутуп, ишкерден 20 миң доллар талап кылган.

Ал пара алып жаткан жерден кармалган

КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, Атайын салык режимдери бөлүмүнүн инспектору Ж.Б.Ж. аттуу ишкерден салык текшерүүсү менен коркутуп, 20 миң доллар талап кылган.

19-мартта Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Көк-Жар айылында 5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Окуяга тиешеси бар башка чиновниктер такталууда.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх