Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Теракт болгон күнү Крокуста иштеген эки кыргызстандык кыз табыла элек

Элчиликтин кызматкерлери өлүкканаларды жана ооруканаларды текшерүүдө

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кырсык болгон күнү «Крокус Сити Холл» имаратында иштеген эки кыргызстандык аялды издөөнү улантууда.

«Элчиликтин кызматкерлери медициналык мекемелерге жана өлүкканаларга барып, мамлекеттик органдар менен иштешип, ошондой эле жакындары менен дайыма байланышта болууда», - деп билдирди дипломатиялык өкүлчүлүк.

Буга чейин 24 жаштагы Жусупова Эдита менен 20 жаштагы Гүлжигит кызы Майза «Крокус Сити Холл» имаратындагы кафеде иштешкени белгилүү болгон. Теракттан кийин алар менен байланыш болгон эмес.


Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында террористтер атыш башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек эле. Кол салгандар адамдарды сыртка чыгышына жол бербөө үчүн аларды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн.

Теракттын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 137 адам каза болуп, анын үчөө бала, 180ден ашууну жарадар болгон.

ФСБнын маалыматы боюнча, 11 шектүү, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар Тажикстандын жарандары.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх