Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Террорчулар «Крокус Сити Холл» концерттик залына келген адамдарды атып кетишкен

Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Өзүмдүн жана Кыргызстандын элинин атынан чын жүрөктөн сизге көңүл айтам жана «Крокус Сити Холл» имаратында болгон атышууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтууңузду өтүнөм».

«Бул кылмышты кескин айыптап, биз бул жамандык менен натыйжалуу күрөшүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайбыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Москванын Крокус Сити Холлуна кол салуу учурунда ондогон адамдар каза болуп, жүздөн ашууну жарадар болду. Бул тууралуу ФСБнын коомдук маалымат борборуна шилтеме берүү менен ЖМКлар жазып чыгышты.

Эскерте кетсек, террорчулар концерттик залга келген адамдарды атып салышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 60 адам каза болуп, 115тен ашууну жарадар болгон. Жабыркагандардын арасында балдар да бар.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх