Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бойко деген лакап аты бар К.Досонов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кармалды - видео

Алар жайыт жерлерин мыйзамсыз сатып жиберишкен

Ош шаарында Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү А.А.Досонов кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, А.А.А., айыл өкмөттүн, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси жана архитектурасынын айрым кызматкерлери менен тил табышып, Төлөйкөн айылынын аймагындагы 8 миң 414 гектар жайыттын 500 гектарга жакын жерин сатып жибергени аныкталган. Жер тилкелери 10 миң долларга жана андан жогору баага сатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

«Ошол эле учурда, алар жасалма жактардын атына айрым жайыт участокторун алып, каттатып, кийин башка жактарга кайра сатып жиберишкен, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар да бар. Түшкөн каражаттар турак-жай/турак эмес жайларды курууга, ишкердик субъекттерин ачуу же сатып алуу үчүн ар кандай коммерциялык иш-аракеттерге инвестициялоо жолу менен легалдаштырылган», — деп айтылат маалыматта.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды төмөнкү телефондорго билдирүүгө чакырат: (0312) 66-04-75, 62-65-04; Ош облусу: (03222) 2-30-78.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх