Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алдамчы кыргызстандык аялга жезден жасалган зер буюмдарды алтын деп саткан

Шектүү Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди

Кыргызстанда издөөгө алынган Өзбекстандын жараны Оренбург облусунда кармалды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өткөн жылдын октябрь айында Балыкчы шаарынын тургуну милицияга кайрылып, шаардык «Кербен» базарынан бир аял 130 миң сомго алтын буюмдарды сатып алууну сунуштаганын билдирген. Жабырлануучу ага 62 миң сом берип, калган акчаны алып келүүгө үйүнө кеткен. Ал эми базарга кайтып келгенде, ал аялдын кетип калганын билип, текшергенде алтындан жасалган зер буюмдар алтын жалатылган жез болуп чыккан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү Өзбекстандын 45 жаштагы жараны К.С. Кыргызстандан чыгып кеткенге жетишкен, ошондуктан мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Ал жакында Орусиянын Оренбург облусунан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Соттун чечими менен ал тергөө абагына камалды.

 

Фото: Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх