Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада кыргызстандык жигит 23 жаштагы аялын бычактап, аялынын курбусу менен кайненесин жарадар кылды

Жигит өзүнө да залака кылган

Москвада 25 жаштагы Кыргызстандын жараны аялын өлтүрүп, кайненеси менен жубайынын курбусун жарадар кылган. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин сайтында маалымдалды.

Каргашалуу окуя бүгүн, 27-мартта болгон.

«1999-жылы туулган Кыргызстандын жараны Большая Черкизовская көчөсүндөгү турак үйдүн батиринде 2001-жылы туулган жубайы менен күтүүсүздөн жеке келишпестиктер чыгып, анын тулкусуна бычак менен бир нече жолу сайып жиберген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Андан соң ал аялынын апасына жана аялынын курбусуна бычак менен кол салган. Андан кийин кылмышка шектүү өзүнүн денесине залал келтирген», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерден тергөөчүлөр кылмыш куралын табышкан, ал боюнча бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул фактынын негизинде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105 беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон (адам өлтүрүү), 3-б. 30-пункт "а" 2-бөлүк (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу).

«Шектүү ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Дарыгерлердин уруксатынан кийин ал борбор калаадагы Тергөө комитетинин бөлүмүнө жеткирилип, тергөөчүлөр аны суракка ала башташат. Мындан тышкары, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында шектүүнүн учурдагы миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоосу текшерилет», - деп кошумчалады башкармалык.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх