Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Блогер Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыгарылды

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды

Блогер жана бийликчил активист Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-мартта чыгарды.

Биринчи май РИИБнин тергөөчүсү камакка алуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

 

Эске сала кетсек, Бекзат Өмүрбеков алдамчылыкка шектелип 2-мартта кармалган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал өлкө жетекчилиги менен болгон байланышынын артына жашынып, облустардын бирине жетекчи болуп жумушка орнотом деп алдап бир жарандан 50 миң доллар акча алган. Андан соң блогер №1 СИЗОго киргизилген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх