Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди

Бүгүн ага баш коргоо чарасы колдонулушу мүмкүн

Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов алынып келинди.

Аны коопсуздук кызматкерлери сотко алып барышты. Ал журналисттерге комментарий бере алган жок.

Бүгүн Матраимоваго баш коргоо чарасы колдонулушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, Райымбек Матраимов 25-мартта Бакуда кармалып, 26-мартта кечинде Бишкекке алынып келинген.

УКМК ага 26-январда издөө салган.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкекте Азербайжандын 5 жараны - УКМКнын маалыматы боюнча мамлекеттин жогорку кызмат адамдарына кол салуу аракетин даярдап жаткан эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган. Атайын кызмат жалданма аскерлердин Бакуда жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин да билдирген.

Фото: Политклиника

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх