Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимов УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Ал 26-апрелге чейин камакта болот

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Ал 26-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Эске сала кетсек, Райымбек Матраимов 25-мартта Бакуда кармалып, 26-мартта кечинде Бишкекке алынып келинген.

УКМК ага 26-январда издөө салган. УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкекте Азербайжандын 5 жараны - УКМКнын маалыматы боюнча мамлекеттин жогорку кызмат адамдарына кол салуу аракетин даярдап жаткан эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Атайын кызмат алардын Бакуда жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин да билдирген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх