Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Арчада Орусиянын жараны эки баласы менен тоңуп кала жаздады (фото)

Алар каар жаашынын кесепетинен адашып, тоодо түнөшкөн

Куткаруучулар Ала-Арчадагы Адыгене капчыгайында адашып кеткен туристти эки баласы менен түшүрүштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кечээ 49 жаштагы орусиялык жаран 19 жаштагы кызы жана 10 жаштагы уулу менен тоого чыккан. Бирок калың кардан улам адашып калышкан.

Куткаруучулар туристтерди издөөгө саат 21.55те чыгышкан.

«Алардын жанында түн ичинде өзүн көрсөтө турган эч кандай буюмдары болгон эмес. Капчыгайды бойлоп жүрүп эч кимди таппадык. Тоону айланып жүрүп, түнкү саат үчтөр чамасында үндөрдү уктук. Жеңил кийинип, үшүгөн балдарды атасы тынчтандырып жаткан экен», - деди лейтенант Нургазы Орозов.

Куткаруучулар туристтерге жылуу кийимдерин берип, бүгүн таңкы саат 5тер чамасында тоодон түшүрүштү.

 

 

 

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх