Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын тургуну үйүнө баңги затынын притонун орнотуп, “синтетика” саткан

Ал баңги затын тараткычтарды да жалдаган

Ош шаарынын тургуну үйүндө баңги затынын притонун орнотуп, синтетикалык баңги затын сатып жүргөн.

Шаардык ИИБ билдиргендей, тинтүү учурунда 27 жаштагы К.Д. нын үйүндө наркомандар «синтетика» колдонуп жаткан жеринен табышкан.

Ошондой эле синтетикалык дары-дармектердин төрт таңгагы, рецепт боюнча күчтүү таасир берүүчү «Тропикамид» препараты, синтетикалык дарыларды колдонуу үчүн керектүү буюмдар, баңги затын тараткычтарды «жумушка орношуу» сунуштары жазылган жарнама баракчалары (визиттик карталар) табылган.

К.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

 

 

Сүрөт ИИБнин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх