Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадамжайда базар күйүп кетти

Өрттүн аянты 2,3 миң чарчы метрден ашты

Кадамжай районунда түнкүсүн Жеңиш айылындагы “Баяман баатыр” базарында өрт чыкты.

ӨКМ билдиргендей, өрт тууралуу маалымат түнкү саат экилер чамасында түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн кесепетинен 2 миң 380 чарчы метр аянт күйүп, жабыркагандар жок.

Өрттүн себеби жана келтирилген чыгым такталууда.

 

Сүрөт: Turmush

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх