Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абакта отуруп Токмок шаарынын тургунун телефон менен 20 миң сомун алдап кеткен

Ал өзүн ал кишинин күйөө баласымын деп тааныштырып, кырсыкка кабылганын айткан

Чүй облусунда дагы бир телефон алдамчы аныкталганын Чүй облустук ИИМ билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 3-январь күнү милицияга Д.Т кайрылып, ал 2-январь күнү белгисиз адам телефон чалып, өзүн күйөө баласымын деп тааныштырып, кырсыкка кабылганын айткан. Ал өзүнүн абоненттик номерине 20 000 сом которууну суранган.

Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал 1992-жылы туулган К.А. болуп чыкты. Учурда ал СИН мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан. Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Фото: ИИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх