Кызыл-Кыяда 18 жаштагы Бишкектин тургуну Lexus RX330 үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткен
Жигиттин буга чейин соттуулугу бар
Кызыл-Кыя шаарында жол тандабас унаасын уурдоого шектелип 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды.
Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 30-март күнү милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, үйүнүн короосунан белгисиз адамдар Лексус RX330 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган.
Унаа уурдоого шектелип, мурда соттолгон 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну П.Ж кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз