Орусияда дрондун чабуулунан 17 жаштагы кыргызстандык жабыркады
Жигит орточо оор жаракат алган
Элабуга шаарындагы (Татарстан) объектилерге учкучсуз учактын чабуулунан 17 жаштагы Кыргызстандын жараны жабыркаган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, 2007-жылы туулган И.А.Б орто деңгээлдеги жаракаттарды алган.
«Бүгүн Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери жабыркаган КР жаранына барышат», - деп кошумчалады Тышкы иштер министрлиги.
Бүгүн дрондор Татарстандын Елабуга жана Нижнекамск шаарларындагы ишканаларга кол салышты. Елабугадан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Алабуга экономикалык аймагында эки дрондун жатаканага кол салганы кабарланды. Акыркы маалыматтар боюнча, жабыркагандардын саны 12 адамга жетти.
Сүрөт: www