Аялды өлтүрүп, 9 күн ашканада сактаган: Ысык-Көлдөгү айылда шектүү адам кармалды
Сурак учурунда ал киши өлтүргөнүн мойнуна алып, коркунучтуу маалыматтарды айтып берди
Кызыл-Суу айылынын тургуну чогуу жашаганын өлтүргөн деп шектелүүдө.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга көчөлөрдүн биринде таштанды челектердин жанынан аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келген. Маркумдун өздүгү такталып, ал 37 жаштагы Т.К болуп чыкты.
Аялдын денесинен зордук-зомбулук менен өлүмдүн издери табылган. Милиция адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кылмышка шектүү делип өлтүрүлгөн аял менен жакын мамиледе болгон 52 жаштагы А.Б. кармалды. Сурак учурунда шектүү, алардын ортосунда чыр чыгып, башына балка менен чаап, андан соң муунтуп өлтүргөнүн айткан. Ал киши өлтүрүлгөн аялдын сөөгүн дагы тогуз күн өз үйүнүн ашканасында сактап, андан соң үйдүн жанындагы таштанды челектерге алып чыккан.
Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.
Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы