Бишкекте адам өлтүрүү болду, 3 баланын энеси, 34 жаштагы Рахима каза болду
Анын мурунку күйөөсү ага бир нече жолу бычак сайган
Бишкекте 34 жаштагы Рахима бычактан алган көптөгөн жаракаттарынан улам каза болду. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык тармактарга билдирди.
Анын айтымында, аялды мурунку күйөөсү өлтүргөн.
«Үч баланын энеси Рахиманы көбүңүздөр билесиздер, ал тазалык менен алектенчү. 18 жашында турмушка чыгууга аргасыз болгон. Ал 22 жашында ар күнү күйөөсү ичип алып сабагандыктан ажырашууга аргасыз болгон. Ал оор шарттарда жашаган. Биз ага бардык кыйынчылыктарды чогуу басып өтүүгө жардам бердик, үй курууга, ишин уюштурууга сиздердин көбүңүздөр ага жардам бердиңиздер. Мурунку күйөөсү аны дайыма аңдып жанын койбой жүргөн. Кечээ келип, бир нече жолу бычак менен сайып, ал каза болду», — деп жазды Назгүл Турдубекова.
Милициянын маалыматына караганда, Рахиманын мурунку күйөөсү Б.К. кармалган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунун (Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Сүрөт: www