Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИБ Ысык-Көлдө аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча маалыматты тактады

Кармалган адам өлтүрүлгөн аялдын өнөктөшү болгон эмес

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы Кызыл-Суу айылында 37 жаштагы аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча маалымат тактады.

Такталган маалымат боюнча, киши өлтүрүүгө шектүү маркум менен чогуу жашаган эмес, анын айылдашы болгон.

52 жаштагы А.Б. эки айга СИЗОго камалган.

 

Эскерте кетсек, буга чейин Ички иштер башкармалыгы Кызыл-Суу айылында көчөлөрдүн биринде таштанды челектердин жанынан аялдын жансыз денеси табылганын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, А.Б. айылдашынын башына балка менен чаап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Ал киши өлтүрүлгөн аялдын сөөгүн дагы тогуз күн үйүнүн ашканасында сактап, андан соң таштанды челектерине ыргыткан.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх