“Манас” бажысы мыйзамсыз алып кирилген жүк ташуучу унааларды аныктады
Материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди
“Манас” бажысы мыйзамсыз алып кирилген жүк ташуучу унааларды аныктады
Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Ак-Тилек» постунда Өзбекстандын жараны айдап бара жаткан Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан 2009-жылы чыгарылган «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа текшерилди.
Берилген документтерди изилдөө учурунда унаа Бурабай протоколунун нормалары менен Казакстанда катталганы аныкталган.
Ушундай эле факты Кыргыз Республикасынын жараны башкарып бара жаткан 2005-жылы чыгарылган «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда аныкталган.
«Бурабай протоколунун 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Казакстан Казакстан аймагына төмөндөтүлгөн тарифтер менен ташып келинүүчү товарларды Биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына ташып кетүүгө бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүнү камсыздайт. Мурда төлөнгөн бажы алымдарын эсепке алуу менен эки товарды “Ички керектөө үчүн чыгаруу” жол-жобосуна жайгаштырууда бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 миллион 172 миң 558 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.
Фактылар АИС ЖУИ ЕРПге катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Фото ГТСтин басма сөз кызматы