Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош базарында уюлдук телефон уурдалган учур видеого түшүп калган

Шектүү кармалды

Бишкекте Ош базарынан уюлдук телефон уурдаган шектүү кармалды.

Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, 4-апрель күнү шаар тургуну милицияга кайрылып, Ош базарындагы иш ордунан 13 миң сомдук Redmi 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген.

Кылмыш иши козголгон.

Уурдоо учуру видеокөзөмөл камераларына түшүп калган.

Шектүүнүн өздүгү такталып, кармалган. Ал 1975-жылы туулган А.Н. аттуу адам ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх