Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кармалган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлүп берилди

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алардын Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарына кол салуу аракетин даярдап жатканын билдирген

КР УКМК тарабынан мурда кармалган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжан Республикасынын расмий органдарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди

2024-жылдын 22-мартында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Киев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган Азербайжан Республикасынын 5 жараны кармалган.

2024-жылдын 20-мартында “Ак-Жол” автожол көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына Азербайжан Республикасынын 5 жараны, атап айтканда, 1971-ж.т. А.В.С., 1984-ж.т. Б.С.О., 1982-ж.т. А.М.О, 1992-ж.т. Б.Н.О., 1992-ж.т. М.З.О. келип, алар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдардын чындыгында эле кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталып, алар Кыргыз Республикасынын жарандарына коркунуч келтиргендиктен, ошондой эле Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык, 2024-жылдын 7-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжан Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Фото: УКМКнын басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх