Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын тургунун сабап, күч колдонуп кафеде кармашкан

Бул иш боюнча 6 киши кармалды

Бишкекте адамды сабап, күч колдонуп кафегеде кармашкан. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 7-апрель күнү милицияга Б.Д. кайрылып, 6-апрель күнү кафелердин биринде 6 адам аны сабап, мыйзамсыз түрдө ал жерде көпкө кармашканын билдирген.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Б.Д.нын жабык баш жаракаты, мээнин чайкалышы жана астыңкы эриндин сыйрылуусу аныкталган.

Кылмышка шектүүлөр табылып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Алар: 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И., 1988-жылы туулган С.М.

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөттү Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх