Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот жубайынын мурдун жана кулагын кесип салган Азамат Эстебесовдун өкүмүн күчүндө калтырды

Соттук коллегия прокуратуранын арызын карады

Чүй облустук соту мурдагы аялынын бетин кесип салган Азамат Эстебесовдун иши боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.

Бүгүн облустук соттун соттук коллегиясы Сокулук райондук сотунун өкүмүнө карата прокуратуранын арызын карады.

Соттун чечими менен Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калтырылды.

Эске салсак, мурдагы жолдошу Азамат Эстебесов өткөн жылдын сентябрь айында Асел Ногойбаевага кол салып, кулагы менен мурдун кесип, денесин да кесип салган. Баары бир бөлмөдө жаткан 10 жаштагы уулунун көзүнчө болгон.

Аял буга чейин ажырашып кеткенден кийин аны мурунку күйөөсү зордуктагандыгы боюнча милицияга кайрылган. Бирок, Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов кол салган адамды “Зордуктоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканы менен, Эстебесов шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Элдин нааразычылыгынан кийин Азамат Эстебесов зордуктоо иши боюнча 8 жылга, кыйноолор боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх