Бишкекте чет элдик жаранды тоноого шектелген жаран бир жарым жылдан кийин кармалды
Соода борборунун жанынан чет элдик жаран тонолгон
Бишкекте чет элдик жаранды тоноого шектелген жаран кармалды.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш 2022-жылдын октябрь айында жасалган. Түнкү саат бирлер чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборлорунун биринин жанынан белгисиз адам физикалык күч колдонуп, чет элдик жарандын 100 долларын жана 15 миң сомун тартып алган. Андан кийин жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү азыр гана кармалып, ал 1993-жылы туулган Т.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы