Ысык-Атада таксист карызынан улам өзүнүн тонолгондугун жасалмалаган
Ага карата кылмыш иши козголду
Ысык-Ата районунда таксист жалган кылмыш жөнүндө билдиргенин Чүй облустук ИИБ билдирди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, 31-март күнү таксист А.Б милицияга кайрылып, алар саат 6:00дөр чамасында Жер-Казар айылына бараткан жолдо үч жүргүнчү ага кол салып, унаанын коопсуздук куру менен муунтуп, сабап, аны менен 19 миң сомун алып кеткендигин билдирген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Бирок тергөө учурунда эч кандай тоноочулук болбогону белгилүү болгон. А.Б. унаанын ижара карызынан улам кол салуу тууралуу калп айткан.
Таксистке Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 363-ст. негизинде кылмыш иши козголду.
ИИМ эскертет, КР Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесине ылайык, кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү үчүн эркинен ажыратууга чейинки кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.
Сүрөттү Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты