Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Ал Аламүдүн-1 конушундагы үйунөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, 9-апрель күнү алар менен баланын апасы М.Г.байланышкан. Анын айтымында, 8-апрель күнү саат 13.00дөр чамасында 2010-жылы туулган уулу Ислам Мамырканов Аламүдүн-1 кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 150-160 см, арык денелүү, көзү күрөң, чачы кара кыска.

Кийген кийимдери: ак көйнөк, кара джинсы шым, кара спорттук бут кийим, көкүрөгүндө “USPA” деген жазуусу бар кочкул көк түстөгү капюшондуу куртка.

Урматтуу жарандар! Жашы жете элек Ислам Мамыркановдун жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго чалыңыз: 0 (704) 103-102, 0 (557) 11-94-10, 0 (702) 96-70- 80, 0 (312) 43-28-15 жана 102.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх