Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте чет элдиктерди тоноого шектүүлөр кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун курамында жашы жете элек балдар болгон

Бишкекте чет элдиктерди тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, 2024-жылдын 9-апрелинде полицияга Пакистандын жараны А.К. кайрылган. Аны саат 22:30 чамасында Логвиненко көчөсүнөн белгисиз адамдар токтотушкан. Алар физикалык күч колдонуп, тапанча менен коркутуп, 20 миң сомдук iPhone 12 уюлдук телефонун жана банктык карталарын алып кетишкен.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган С.И., 2008-жылы туулган Б.А., 2006-жылы туулган А.Д. кармалышкан. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция кылмышка жашы жете электердин тиешеси бар экенин аныктады. Кармоо учурунда кылмышка шектүүлөрдөн мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефон жана белгисиз маркадагы тапанча да табылып, алынган. Алар буюм далили деп табылып, кылмыш ишине кошулду.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх