Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТЭЦтеги авария. Келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы белгилүү болду

Сумма дагы деле өсүшү мүмкүн

Жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалдан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 миллион 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында борбор калаадагы жылуулук борборунун директору Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымында, бул азырынча алдын ала сумма, дагы деле өсүшү мүмкүн.

Эске сала кетсек, борбор калаадагы ТЭЦтеги авария 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу жана жылуулук берүү токтотулган.

Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин 5 жумушчусу жабыркаган. Экөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Бир сутка бою станциянын кубаты азайып, көптөгөн аймактарда ысык суу өчүрүлгөн. ТЭЦтин энергиясы толук калыбына келе элек. Ошол себептүү энергетиктер ысык сууну демейдегиден эрте жана болжолдуу узак мөөнөткө өчүрүү менен жыл сайын профилактикалык иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх