Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто айдоочу эки окуучу кызды зебрадан сүзүп, качып кеткен - Видео

Кылмышкер эртеси күнү кармалды

Ошто жөө адамдар өтүүчү жерден айдоочу эки окуучу кызды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 10-апрелде болгон. №23 Панфилов атындагы мектептин 8-классынын окуучулары 14 жаштагы К.А. жана 15 жаштагы М.Д. 8-март көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү тилкеден жолдон өтүп бара жатышкан. Белгисиз айдоочу Daewoo Matiz унаасы менен аларды сүзүп качып кеткен.

Натыйжада мектеп окуучулары жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Шектүү бүгүн, 11-апрелде кармалып, 28 жаштагы К.Н болуп чыкты.Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх