Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК «гектарщик» деп аталган жер мафиясынын мүчөсүн кармады

Сатып алуучуларга жер участогуна ишеним кат берилип, анан кайра жокко чыгарып турган

Сокулук районундагы мунапысдагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу менен алектенген “жер мафиясынын” мүчөсү кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, буга чейин «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга ылайык мунапыс берилген жер тилкелерин алдамчылык жолу менен мыйзамсыз сатуунун туруктуу схемасы түзүшүп, уюштуруучулар К.А.А. жана К.К.К. кармалышты.

«Мурда амнистияланган жер тилкелерине ээлик кылган жер мафиясынын мүчөлөрү потенциалдуу сатып алуучуларды таап, аларга жер тилкесин ээлөө боюнча ишеним каттарды беришкен. Ошол эле учурда жер тилкелери үчүн акча алгандан кийин алдамчылык схеманын уюштуруучулары КР Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жокко чыгарышып, сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берген эмес. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында ак ниеттүү сатып алуучулар өзгөчө ири өлчөмдө зыян тартышкан”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган «гектарщик» делген К.А.А. КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

 

КР Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө, деп кошумчалады комитет.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх