Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто үч жигит кыз ала качышкан

Перехват планы киргизилип, шектүүлөр кармалды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кыз ала качкан жигиттер кармалды.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын маалыматына ылайык, 11-апрель күнү саат 16.30дар чамасында белгисиз адамдар 19 жаштагы Ош шаарынын тургунун Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага салып, айдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. аны белгисиз тарапка таштап кеткен.

Перехват планы киргизилген. Жол кайгуул кызматынын инспекторлору издөөдө жүргөн унааны Кара-Кочкор айылындагы чоң жолдон токтотушкан. Унаанын ичинде ала качып кеткен кыз менен ала качкандар — Кара-Кулжа районунун 2002-жылы туулган тургуну А.Б. жана унаанын айдоочусу Ош шаарынын 1999-жылы туулган тургуну М.уулу Д. болгон.

 

 

 

Кармалган жарандар Тергөө кызматына өткөрүлүп, унаа убактылуу токтотуучу жайга коюлду, деп кошумчалашты милициядан.

Сүрөт ЖКККБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх