Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү жана бир кыз кичи автобустарда уурулук менен алектенишкен - Видео

Кылмыштуу топ атайын түзүлгөн схема боюнча «иштешкен»

Бишкекте маршруттук таксилерде чөнтөк уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды.

Борбор шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 8-апрель күнү милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, кичи автобуста белгисиз адамдар анын сумкасынан 16 миң сомдук Redmi 12 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап качып кетишкенин билдирген.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалып, алар 28 жаштагы Б.А., 23 жаштагы Н.А. ошондой эле 23 жаштагы К.А. болуп чыкты. Алар мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон. ИИМ тарабынан кылмышка шектүү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топ болушкан. Алардан ар кандай маркадагы уюлдук телефондор алынган.

Кармалгандар 2 айга №1 СИЗОго камалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кол салгандар түзүлгөн схема боюнча иштегени аныкталган: алар БМВ үлгүсүндөгү унаада кичи автобустарды ээрчип, андан соң коомдук транспортко түшүп, жүргүнчүлөргө аралашып, чөнтөк уурулук кылган.


Кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экени аныкталды.

Милиция жабырлануучулардан 0(707) 75-75-51, 0(702) 07-12-63 же 102 телефон номурларына кайрылууну өтүнөт.

Сүрөттү ИИБ басма сөз кызматы таратты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх