Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 7 жаштагы баланы сабап сал ган кишиубактылуу кармоочу жайга камалды (видео)

Окуя борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин биринде болгон

Бишкекте билим берүү мекемелеринин биринде 7 жаштагы баланы сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

12-апрель күнү милицияга шаар тургуну кайрылып, саат 4төр чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде окуучулардын биринин атасы 7 жаштагы баласын эч кандай себепсиз сабап салганын билдирген.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө чоң киши мектеп окуучусун курсагына тээп, анан муунтуп баштаганын көрүүгө болгон видео тараган.

Окуянын чоо-жайын баланын апасы да ачып берди.

«Бул убакта балдардын эркин ийримдери өтүп жаткан. Уулубуз коридорго чыгып, параллелдүү класстын окуучусу менен сүйлөшкөн. Сүйлөшүп жатып дагы бир баланын кепкасынын калкасына тийип койгон. Ошол учурда баланын атасы коридордо байкап турган жана өзү кийинчерээк айткандай, менин уулум анын баласын сабап салгандай "ага көрүнгөн", - дейт аял.

Бул фактынын негизинде РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1990-жылы туулган К.Д. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх