Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кант шаарында белгисиз адамдар тергөөчүнү сабап кетишти

Жабырлануучу жаагы сынып ооруканага түшкөн

Кантта белгисиз адамдар тергөөчүнү сабап, кылмыш иши козголду.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-апрель күнү саат 04.00дөр чамасында Гагарин-Зубков көчөлөрүнүн кесилишинде, 24-Маркет дүкөнүн жанынан болжол менен 30-35 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдар 1991-жылы туулган К.Р. ди сабап кетишкен. Жабырлануучу Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургия бөлүмүнө «оң тараптан ылдыйкы жаактын ачык сыныгы, сол тарабынан жабык сынык» диагнозу менен жаткырылган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Жабырлануучу К.Р. Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү болуп иштейт.

Азыр шектүүлөр изделүүдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх