Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 60тан ашуун чет элдик жаранды кармады

Алар Кыргызстандан чыгарылат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Бишкекте жүргөн чет элдик жарандарды аныктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 14-апрелде Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жарандар ар кайсы жерде убактылуу жашаган жеринен аныкталган, алардын 64ү өлкөдө мөөнөтү өтүп кеткен виза менен жана каттоосу жок жүргөн.

«Чет элдик жарандар коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында өлкөгө мыйзамдуу түрдө келишкени аныкталды. Бирок алардын көбү тиешелүү квалификациянын жоктугунан жана айлык маянанын аздыгынан талапсыз болуп чыкты», - деп билдирди атайын кызмат.

Чет элдик мыйзам бузуучуларга тиешелүү айып пул салынган административдик протоколдор түзүлдү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер өлкөдөн депортацияланууга тийиш.

 

 

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх