Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүнү уюштурушкан

Алар автоунаалардын жасалма номурларын жана каттоо күбөлүктөрүн колдонушкан

Чүй облусунда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, «Унаа» МИнын Сокулук-Москва бөлүмүнүн кызмат адамдары 2023-жылдын апрель айынан ноябрь айына чейин айрым адамдар менен жалган мамлекеттик каттоо белгилерин жана автотранспорт каражаттарынын каттоо күбөлүктөрүн (техникалык паспорт) пайдалануу жолу менен кылмыштуу топ түзүшкөн. Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз алып келүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Анын кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгиленген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүү катары "Унаа" мамлекеттик мекемесинин активдүү адиси 1988-жылы туулган С.Ж., 1974-жылы туулган жарандар А.Р., С.Т. кармалышты. Баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда иш боюнча буюм далили катары табылган унаанын каттоо күбөлүктөрү (техникалык паспорттору) жана мамлекеттик номурлары алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото: ИИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх