Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта жасалма документтерди колдонуп, башкалардын жерин саткан кармалды (видео)

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Чүй облусунда жер тилкеси менен алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын облустук ИИБ билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 14-февралында Т.И. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, белгисиз адамдар анын Военно-Антоновка айылынан 0,04 гектардан 10 жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп, жасалма документтерди колдонуп, сатып жибергенин билдирген.

Алдамчылык жана документтерди жасалмалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Кармалган жаран Сокулук районунун аймагында дагы ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото: ИИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх