Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунда каза болгон аялдын жакындары милиция кызматкерине кол салышты

Буга чейин Ноокен райондук соту жергиликтүү тургунду сүзүп кеткен эксковатордун айдоочусун үй камагына чыгарган

Жалал-Абад облусунда каза болгон аялдын жакындары милиция кызматкерине кол салышкан. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 25-мартта Ноокен районунда 41 жаштагы жергиликтүү тургунду эксковатор тебелеп кеткен. Айдоочу артка кетип бара жатып, аялды көрбөй калган. Аял алган жараатынан улам каза болгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 13-апрель күнү кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бир күн мурун Ноокен райондук соту аны үй камагына чыгарган. Андан соң маркумдун жакындары тергөөчү сот отурумунан кайтып келе жатканда ага кол салышкан.

Тартип сакчылары кол салууну видеого тартып алып, иликтөө иштерин баштады.

Лейла Молдыбаева
Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх