Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

5 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Кыз уктоочу бөлмөсүнөн жоголуп кеткен, ал машинанын ичинде белгисиз адам менен талаадан табылган

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы 5 жашар кызды зордуктады деген шек менен Кара-Суу районунун тургунунун кармалышынын чоо-жайын билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 15-апрелде милицияга аял кайрылып, беш жаштагы кызы эртең менен уктоочу бөлмөсүнөн жоголуп кеткенин айткан. Андан соң, кыз талаадан белгисиз адамдын унаасынан табылган.

«Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам уурдоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Унаанын ээси Э.уулу З., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деп билдиришти ОИИБден.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх