Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Май айынын башында кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт

Бирок эки күн иштеш керек

Май айында кыргызстандыктар кандай эс ала турганын КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги айтып берди.

Мекеме эскерткендей, КР Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык май айында расмий дем алыш күндөрү белгиленет:

• 1-май – Эмгек күнү;

• 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;

• 9-май – Жеңиш күнү.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлери үчүн 2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин узак эс алуу күндөрү белгиленет.

2-май (бейшемби) ордуна 2024-жылдын 6-майында, 3-майда (жума) ордуна 11-майда (ишемби) иштейбиз.

Ошондой эле, 2024-жылдын 9-майы расмий иш эмес майрам күнү болуп саналат.

Алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 1, 6 жана 9-майында эс алышат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх