Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде мектеп окуучусу бычактан алган жаракатынан улам каза болду

Кыз эсине келбей ооруканада каза болгон

Баткен облусунда 16 жаштагы кыз бычактан алган жаракатынан улам каза болду.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 15-апрель күнү саат 21.05те аймактык ооруканага 16 жаштагы К.А. эки жеринен бычактан жаракат алган. Жаткырылгандан жарым сааттан кийин ал эсине келбей каза болгон.

Бул факты ЕРПке катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Каргашалуу окуянын чоо-жайы такталууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх