Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто техникалык окуу жайдын экс-жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин мэрияга өткөрүп берди

Ал жердин жана ал жерде курулган имараттын баасы 50,2 миллион сомго бааланган

Ошто шаардын борбордук аянтына жакын жер тилкеси жана 4 кабаттуу үй мамлекетке кайтарылганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, А.С., Ош айыл чарба техникумунун башчысы болуп туруп, Мухтара Нургазиев көч. (мурдагы Клубная көч.), №3 имарат окуу жайдын жалпы аянты 266 чарчы метр жер тилкесин менчиктештирип, ал жерге 647,28 чарчы метрдан турган 4 кабаттуу имарат куруп алганы аныкталган.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен менчик ээси жогоруда аталган 4 кабаттуу үйү бар жер тилкесин Ош шаардык мэриясынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Бул мүлктүн баасы 50 миллион 241 миң 145 сомго бааланган», - деп айтылат маалыматта.

 

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх