Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Сузак районунун «положенецин» кармады - Видео

Ал чет элдик жарандан 3 миң доллар талап кылган

Жалал-Абадда чет элдик жарандан 3 миң доллар алып жаткан жеринен кылмыштуу чөйрөнүн активдүү жактоочусу кармалганын УКМК билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, «А.Ю. кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселени чечип берүүнү убадалап, чет өлкөлүк жарандын ишенимине кирип, кыймылсыз мүлктүн документтерин алган.
Бирок А.Ю. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин, тагыраагы Сузак районундагы өзбек улутундагы калк жайгашкан аймакта «положенец» экенин айтып, чет өлкөлүк жаранды коркутуп, документтерди кайра кайтарып берүү үчүн кошумча акча төлөп берүүнү талап кылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголду. А.Ю. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх