Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Июнь окуясында адам өлтүрүүгө шектелген жаран 14 жылдан кийин кармалды

Аны Орусиядан келери менен Ош аэропортунан кармашты

2010-жылдагы июнь окуясында адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн адам Ош аэропортунан кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 37 жаштагы Ж.М. Орусиядан келери менен кармалды.

 

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында, тактап айтканда 2010-жылдын 13-июнунда Ж.М., башка жарандар менен бирге 1953-жылы туулган Кара-Суу районунун тургунун Ак-Буура дарыясынын жээгине алып келип, бычактап, андан соң сөөгүн дарыяга ыргытып жиберишкен.

Өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси 2010-жылдын 19-июнунда Өзбекстандын Анжиян облусунун Ходжаабад районунда табылган.

Ж.М. бул убакыттын ичинде Россиянын аймактарында улам шаар алмаштырып, тергөөдөн жашырынып жүргөн.

Сүрөт Ош ОИИБнин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх